Бүгүн Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясы башталат
Бүгүн, 7-сентябрда Женевадагы Улуттар сарайында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 63-сессиясы ачылат.
Беш жума бою кеңешке мүчө 47 мамлекет дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалын карап чыгып, көз карандысыз эксперттер менен 37 интерактивдүү диалог өткөрөт жана ондогон резолюцияларды кабыл алат.

Сессиянын биринчи күнүндө БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк дүйнөдөгү кырдаал тууралуу жаңыланган баяндамасын сунуштайт. Сессияга катышуучулардын көңүл борборунда Ооганстан, Сирия, Мьянма жана Судан сыяктуу бир катар кризистик кырдаалдар турат. 18-сентябрда АУК Беларусьтагы адам укуктарынын абалы боюнча көз карандысыз эксперттер тобунун отчетун, ошондой эле бир катар башка мамлекеттердеги абалды талкуулайт.
21-сентябрда үч интерактивдүү диалог өтөт: Орусиядагы адам укуктарынын абалы тууралуу атайын баяндамачынын, Иран боюнча фактыларды аныктоо боюнча көз карандысыз эл аралык миссиянын, ошондой эле Украина боюнча мыйзам бузууларды иликтөө боюнча көз карандысыз эл аралык комиссиянын баяндамалары талкууланат.
28-сентябрда АУК Жогорку комиссардын оккупацияланган палестиналык аймактагы, анын ичинде Чыгыш Иерусалимдеги жана оккупацияланган сириялык Голандагы израиль конуштарына тиешелүү резолюциянын аткарылышы тууралуу баяндамасын угат. Ошол эле күнү Палестинадагы жана башка оккупацияланган араб аймактарындагы адам укуктарынын абалы боюнча жалпы дискуссия өтөт. Мындан тышкары, сессиянын төртүнчү жумасында катышуучулар Гаити, Борбордук Африка Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы, Сомали, Камбоджа жана Йемендеги абалды талкуулашат.
АУК тарабынан дайындалган көз карандысыз эксперттер кеңири маселелерди көтөрүшөт: кары-картаңдардын укуктары, коопсуз ичүүчү сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүк, кулчулуктун заманбап формалары, коркунучтуу калдыктар, өзүмбилемдик менен камоо жана мажбурлап жоготуу, дыйкандардын жана айыл тургундарынын укуктары, жалданма аскерлерди пайдалануу жана жеке аскердик компаниялардын ишмердүүлүгү.
Кеңеш ошондой эле бир тараптуу мажбурлоо чараларынын адам укуктарын ишке ашырууга тийгизген терс таасири маселеси боюнча атайын баяндамачы менен диалог өткөрөт. Кеп айрым мамлекеттер БУУну айланып өтүп киргизген санкциялар адамдардын жашоосуна, алардын тамак-ашка, дары-дармекке жана медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүнө кандай таасир тийгизип жаткандыгы жөнүндө болот.
Мындан тышкары, АУК өсүп жаткан бирдей эместик шартында экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды кантип коргоо керектиги, түпкү элдердин укуктары жана кеңештин жумушунда, анын механизмдеринде гендердик көйгөйлөрдү эске алуу боюнча тематикалык талкууларды өткөрөт.
Ошондой эле сессиянын жүрүшүндө БУУнун Башкы катчысынын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чараларды каржылоо үчүн жетиштүү ресурстарды кантип мобилизациялоо керектиги тууралуу баяндамасы, ошондой эле БУУ менен кызматташкан адамдарды куугунтуктоо тууралуу жылдык баяндамасы сунушталат.