Мамлекеттик финансы холдингинин уставдык капиталы 3,43 миллиард сомго көбөйтүлөт
«Мамлекеттик финансы холдинги» ААКтын уставдык капиталы 3,43 миллиард сомго көбөйтүлөт. Мындай чечимди компаниянын акционери болуп саналган Финансы министрлиги кабыл алды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондолук биржасынын билдирүүсүндө камтылган.
Ошентип, Мамфинхолдингдин капиталы 12,556 миллиард сомдон 15,986 миллиард сомго чейин жогорулайт. АК жөнөкөй ээлик акциялардын сегизинчи чыгарылышын жарыялайт, аларды жайгаштыруу жабык режимде өтөт. Акцияларды чыгаруу акционердин өзүнө — Финансы министрлигине багытталган. Жайгаштыруу акциялардын чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин пландалууда.
Эскерте кетсек, холдинг Финансы министрлигинин алдындагы Финансы-кредиттик фонддун базасында 2025-жылдын жайында министрлер кабинетинин чечими менен түзүлгөн. Максаты — мамлекеттик финансылык активдерди натыйжалуу башкаруу жана өлкөнүн экономикасына инвестиция салуу үчүн ички ресурстарды мобилизациялоо, улуттук жана мамлекеттик-жеке долбоорлорго түз инвестицияларды тартуу, ошондой эле мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.