USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары-2026: Кыргызстандын көк бөрү курамасы Казакстанды жеңди

07:38, 07 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Атадагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстандын курамасы Казакстандын командасын 12:0 эсебинде жеңди.

Беттештин жүрүшүндө эки команданын оюнчулары күчүн, шамдагайлыгын жана жогорку чеберчилигин көрсөтүштү. Финалдык таймашка келген күйөрмандар оюнду кызуу колдоп, ар бир салым өзгөчө маанай менен коштолду.

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрүнүн жеңиши Көк бөрү аренасындагы күйөрмандардын зор кубанычын жаратты.

Эскерте кетсек, улак төмөнкү катарда аталган оюнчулар тарабынан салынды:

1. Мелисбек уулу Нуржан

2. Кыяз Ниязов

3. Мелисбек уулу Нуржан

4. Оморбеков Байтегин

5. Анарбек уулу Айдаркан

6. Мирбек Муташев

7. Мелисбек уулу Нуржан

8. Кыяз Ниязов

9. Байтегин Оморбеков

10. Кошумбаев Эрназар

11.Мирбек Муташев

12.Анарбек уулу Сейитбек

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18