USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Эртең Бишкекте айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө кирет

17:21, 05 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 6-сентябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземин жана көк бөрү, жер улактын финалдык беттештери түз эфирден көрсөтүлөт.

Борбор калаа мэриясы ага байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилерин билдирди. Чектөөлөр төмөнкү тилкелерге тиешелүү болот:

  • Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү.
  • Абдымомунов көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Шаар бийлиги тургундарды жана борбор калаанын конокторун каттамыңыздарды алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду тандап алууну жана жол кыймылына киргизилген убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18