Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда бүркүт менен кармашкан Ички аскерлердин жоокери Эрсултан Ибраимов «Мыкты жоокер» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жоокер коомдук коопсуздукту камсыз кылуу учурунда көрсөткөн кайраттуулугу жана шамдагайлыгы үчүн сыйланган.
Ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев жоокерди кызмат учурунда көрсөткөн кайраттуулугун жана шамдагайлыгын белгилеп, мындан ары да мекен алдындагы ыйык кызматын абийир менен аткарып, куралдаштарына үлгү болуусун каалады.
Жоокердин мындай аракеттери анын кызматтык милдетине болгон жоопкерчилигин, эрктүүлүгүн жана ар кандай кырдаалда чечкиндүү аракет кыла аларын дагы бир ирет айгинеледи.
Белгилей кетсек, Эрсултан Ибраимовго байланыштуу видео кеңири тарап, коомчулуктун кызыгуусун жараткан. Анда жоокердин кызмат өтөө учурунда күтүүсүз жагдайга туш болуп, өзүнүн шамдагайлыгын, тайманбастыгын жана ыкчам аракетин көрсөткөнү чагылдырылган.




