USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Муниципалдык инспекция Бишкектин сейил бактарындагы соода түйүндөрүн текшерүүдө

11:28, 05 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясы келишимдеринин жана уруксат кагаздарынын мөөнөтү өтүп кеткен объекттер боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө инспекторлор бирдиктүү дизайн-коддун талаптарына жооп бербеген жана колдонуудагы уруксаттары жок ишин улантып жаткан балмуздак сатуучу көчмө соода түйүндөрүн да аныкташкан. Дөңгөлөктүү объекттер айып токтотуучу жайга киргизилди. Ээлерине карата протоколдор түзүлүп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Рейддер тургундардын «ШКУ иш-чаралары аяктагандан кийин борбор калаанын сейил бактарына жана гүл бакчаларына күркөлөр кайтып келди» деген арызданууларынын артынан башталды. Бирок Бишкек мэриясы демонтаждалган объекттердин кайтып келгени тууралуу маалыматты четке какты. Муниципалитеттен эскертишкендей, 29-августта сейил бактарда жана гүл бакчаларда жеңил типтеги объекттерди жайгаштыруу боюнча келишимдердин мөөнөтү бүткөн. Ал эми мурда демонтаждалган күркөлөрдү кайра кайтаруу пландалган эмес. Ишмердүүлүктү кайра баштоо үчүн ээлери документтерди кайрадан тариздеп, келишимдерди түзүшү жана соода түйүндөрүн бирдиктүү дизайн-коддун талаптарына ылайык келтириши керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18