USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кырчын 10-сентябрга чейин иштейт, бирок эртең санитардык күнгө жабылат

10:25, 05 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кырчындагы «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы 6-сентябрда санитардык тазалоо үчүн жабылат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиаштабынан билдиришти.

Бул күнү аймакка коммуналдык жана техникалык кызматтар гана кире алары белгиленет. Коноктор, анын ичинде уюштурулган туристтик топтор дагы киргизилбейт.

Этношаарча 7-сентябрдан тарта ишин улантат жана 10-сентябрга чейин ачык болот. Ошол эле учурда акысыз автобустар мындан ары каттабайт. Келүүчүлөр жеке автоунаалары менен келе алышат.

Айдоочулардан жашыл зонага кирбөө жана белгиленген эрежелерди сактоо суралат.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүүдө. Эртең Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда Оюндардын расмий жабылыш аземи өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18