Кыргызстандын кесиптик лицейлеринде окуу жылынын башталышы өзүнчө белгиленет
Кыргызстандын Министрлер Кабинети башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүк эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Токтомго ылайык, кесиптик лицейлерде окуу жылынын башталуу жана аяктоо мөөнөттөрүн мындан ары билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Ошондой эле документ студенттерди сабак учурунда окуу процессине байланышпаган жумуштарга тартууга тыюу салат.
Өзгөртүүлөр Минкабдын 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтому менен бекитилген Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү уставына киргизилди.
Агартуу министерлигине өз чечимдерин токтомго ылайык келтирүү жана аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрүү тапшырылды.
Документти аткарууга байланыштуу чыгымдар республикалык бюджетте Агартуу министерлигине каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жабылат.
Токтом жети күндөн кийин күчүнө кирет.