ИИМ: Көчмөндөр оюндары Кырдаалдык борбордон көзөмөлдөнүп турат
Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында Ысык-Көл районунун Бостери айылында 4 кабаттан турган заманбап милициянын аймактык бөлүмчөсү курулуп, Кырдаалдык борбору иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүнө санарип видеокамералар аркылуу ушул жерден көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Жаңы имаратка ички иштер министри Улан Ниязбеков барып, эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ошондой эле жеринде иштеп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери туристтер жана жергиликтүү тургундарга сылык мамиле жасап, сервистик тейлөө көрсөтүүсүн тапшырды.
Белгилей кетсек, Бостеридеги Кырдаалдык борбордон Ысык-Көл облусунун аймагындагы видеокамералар аркылуу коомдук тартип көзөмөлгө алынып жатат.
Мындан сырткары, элдин агымы көбөйгөн жерлерге автобустарды жөнөтүү боюнча ички иштер органдарынын жумушу координацияланып, кошумча багыттар көрсөтүлүүдө.



