Көчмөндөр оюндары-2026: Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы жыйынтыкталды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы болуп өттү.
Эл аралык айтыштын жыйынтыктоочу аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышып, жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине сыйлыктарды тапшырды.
Үч күнгө созулган чыгармачылык таймашта кыргыз жана казак элдеринин төкмөлүк өнөрүнүн өзгөчөлүгү, сөздүн курчтугу, ойдун тапкычтыгы, комуз менен домбранын күүсү жана аткаруучулук чеберчилик бир сахнада айкалышты.
Эки элдин төкмө акындары тарыхый байланыштарды, элдердин достугун жана биримдигин, бүгүнкү жетишкендиктерди жана келечекке болгон максаттарды ыр саптарына салып, көрүүчүлөргө өзгөчө чыгармачылык маанай тартуулашты.

АЙТЫШТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ:
- Баш байге — 300 000 сом:
- Мейирбек Султанхан
- Элмирбек Иманалиев
- 1-орун — 250 000 сом:
- Мухтар Ниязов
- Нурсултан Малдыбаев
- 2-орун — 200 000 сом:
- Хазырет Бердихан
- Кутман Садыбакасов
- 3-орун — 150 000 сом:
- Нурлан Эсенкулов
- Акматбек Султан уулу
Мындан тышкары, айтышка катышкан башка акындар да жигердүү катышкандыгы үчүн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү.