Садыр Жапаров Кыргыз шахмат союзунун алдында Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Документтин максаты — эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо системасын жакшыртуу, жаштардын интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү үчүн заманбап базаны түзүү жана таланттуу спортсмендерди системдүү колдоо менен камсыз кылуу болуп саналат.
Жарлык менен төмөнкүлөр каралууда:
- «Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы» мекемесин түзүү жөнүндө «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин демилгесин колдоого алуу;
- Жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн спортчуларга, ошондой эле машыктыруучуларга эл аралык мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, инвентарь сатып алуу жана «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык кесиптик өнүгүүгө байланышкан башка маселелерди чечүү үчүн сыйлоо түрүндө мамлекеттик колдоо чаралары белгиленген.
Ошону менен бирге, жогоруда белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 Жарлыгы менензаманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө, шахматты өнүктүрүүгө жана популярдаштырууга көмөктөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан жүз миллион сом бөлүү менен Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү каралган.