Айлыкка кошумча 15 миң сом: Аны 1-сентябрдан тарта кимдер алат?
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысын төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жарлыкка ылайык, кызматкерлердин айрым категорияларына 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленди. Кошумча төлөмдү президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчылары алышат.
Төлөм ошондой эле мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн мамлекеттик кызматчылары үчүн да каралган. Бирок бул категорияда бир катар өзгөчөлүктөр бар: кароо-өткөрүү пункттарындагы Ветеринардык кызматтын жана өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин бөлүнүштөрүнүн, пробация департаменти, юридикалык жардам кызматы жана Гидрометеорологиялык кызматтын айрым кызматкерлери каралган
Президенттик компенсация бир штаттык бирдиктен ашпаган иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт.
Ал эмгек өргүүсү учурундагыларга , саламаттыкты чыңдоо жөлөкпулу, он үчүнчү айлыкты жана бийик тоолуу алыскы аймактарда да иштегени жана жашаганы үчүн кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт.
Мындан тышкары, жарлыкта иштин татаалдыгы, сапаты, анын натыйжалары, кесиптик демилгеси жана ченемделбеген жумуш режими үчүн кызматдык айлыкка 50 пайызга чейин кошумча акы белгилөө мүмкүнчүлүгү каралган. Документтин аракети 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып жайылтылат.