USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда илимди 2040-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы бекитилди

12:30, 04 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Министрлер кабинети Илимди 2040-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын бекитти.

Документ илим тармагындагы мамлекеттик саясаттын узак мөөнөттүү багыттарын аныктайт жана изилдөөлөрдү, жогорку билим берүүнү, интеллектуалдык менчик менен инновацияларды андан ары өнүктүрүүгө негиз болушу керек.

Концепцияны ишке ашыруу Кыргызстанда илимди, жогорку билим берүүнү, интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн 2026—2030-жылдарга каралган мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлөт.

Токтомдун аткарылышын көзөмөллдөө президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөгөн президенттин администрациясынын башкармалыгына жүктөлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18