Пайдалуу кеңеш: Жүрөктүн саламаттыгы үчүн эң мыкты суусундук аталды
Көк чай — жүрөктүн саламаттыгын сактоо үчүн эң мыкты эртең мененки суусундук. Бул тууралуу диетолог-кардиолог Мишель Рутенштейн америкалык журналына берген маегинде билдирди.
Ал бул суусундуктун курамында антиоксиданттык жана сезгенүүгө каршы касиеттерге ээ катехиндер (өсүмдүк тектүү органикалык бирикмелер) бар экенин түшүндүрдү.

«Айрым изилдөөлөр көрсөткөндөй, көк чай кычкылдануу стрессин азайтууга жана кан тамырлардын иштешин жакшыртууга жардам берет, ал эми бул жүрөктүн саламаттыгы үчүн абдан маанилүү», — деп белгиледи дарыгер.