USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары-2026: Бүгүн Кырчында кыргыз-казак айтышынын финалы өтөт

11:04, 04 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кыргыз жана казак акындарынын эл аралык айтышынын финалы өтөт

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, чыгармачылык таймашка Кыргызстан менен Казакстандан келген акындар катышты. Алар чечендик өнөрүн, тапкычтыгын жана аткаруучулук чеберчилигин көрсөтүштү. Акындар өз сөздөрүндө эки элдин тарыхына, маданиятына жана салт-санаасына кайрылып, ошондой эле замандын актуалдуу маселелерин көтөрүштү.

Калыстар тобунун чечими менен кийинки этапка сегиз акын өткөн:

  • Мухтар Ниязов,
  • Мейирбек Султанхан,
  • Нурлан Эсенкулов,
  • Хазырет Бердихан,
  • Элмирбек Иманалиев,
  • Акматбек Султан уулу,
  • Кутман Садыбакасов
  • Нурсултан Малдыбаев.

Бүгүн айтыштын финалдык беттештери саат 13:00дө Кырчында өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18