Валентина Шевченко Көчмөндөр оюндары спортчуларынын кайсы сапаттарын белгиледи?
Валентина Шевченко Көчмөндөр оюндарынын спортчуларында бар сапаттар тууралуу айтып берди
UFC чемпиону Валентина Шевченко Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спортчуларында бар сапаттар тууралуу айтты. Бул тууралуу ал Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан курч күрөшү боюнча мелдеш учурунда билдирди.
«Көчмөн деген ким? Бул ар дайым табият коюнунда жүргөн жана өзүнө гана таянган адам. Ал аба ырайынын шарттарына жана жырткыч айбандарга каршы тура алышы керек. Көчмөн мүнөздүн жана эрктин күчүн көрсөтөт. Ал шамдагай, күчтүү жана кайраттуу болушу шарт. Азыр оюндарда биз дал ушундай сапаттарга ээ спортчуларды көрүп жатабыз», — деди Валентина Шевченко.
Буга чейин ал Чолпон-Атада өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк-бөрү боюнча мелдештин расмий ачылышында сөз сүйлөп, Кыргызстандын курама командасын колдогон.