USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ошто миграциялык эрежелерди бузганы үчүн 665 чет өлкөлүккө айып пул салынды

10:05, 04 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош облусунда 2026-жылдын август айында «Нелегал» рейдинин алкагында 665 чет элдик жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Рейдди атайын кызматтын кызматкерлери ички иштер органдары менен биргеликте өткөрүштү.

Текшерүү учурунда укук коргоочулар чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда жүрүү эрежелерин жана коомдук тартипти сактоо зарылдыгын түшүндүрүштү.

Август айынын ичинде өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 665 чет элдик жаранга айып пул салынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18