Бишкекте Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин имаратынын каршысына мугалимге арналган эстелик орнотулду. Азырынча анын бети кездеме менен жабылып турат.

Эске салсак, 2014-жылы эле Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов мэрия мугалимдин эстелигинин долбоорун иштеп чыгууга конкурс жарыялап жатканын билдирген. Бир жылдан кийин орду тандалган: Агартуу министрлигинин имаратынын жанында — Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде. Шаар башчысы алмашкандан кийин мэрияда да, министрликтин өзүндө да бул маселе кайра көтөрүлгөн эмес.
2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин каарманы Дүйшөнгө эстелик орнотууну сунушташкан.
Эл өкүлдөрү бул мугалимдик кесиптин баркын көтөрүүгө жардам берет деп эсептешкен. Агартуу министрлиги азырынча эстеликтин ачылыш мөөнөтүн жана аны жасаган авторду атай элек. Кыргызстанда Мугалимдер күнү 5-октябрда белгиленет.