Өзгөчө кырдаалдар: ШКУ өлкөлөрү биргелешкен машыгууларды өткөрөт
Шанхай кызматташтык уюмунун сайтында 1-сентябрда Бишкекте өткөн юбилейлик саммиттин жыйынтыгы боюнча кол коюлган, өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган мамлекеттерге жардам көрсөтүү тууралуу билдирүү жарыяланды.
Документте Кыргыз Республикасынын ушундай механизмди түзүү демилгеси белгиленип, ошондой эле Россия Федерациясынын ШӨУда эл аралык кризистердин жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга даярдануу боюнча ресурстук резервдик фонддорду түзүү сунушу эске алынган.
ШКУ өлкөлөрү табигый, техногендик, биолого-социалдык жана башка мүнөздөгү Өзгөчө кырдаалдан жабыркаган уюмдун мүчөлөрүнө алардын расмий кайрылуусу боюнча же макулдугу менен артыкчылыктуу тартипте гуманитардык жардам көрсөтүүнү көздөп жатышат.
Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаал, чыгымдардын масштабы, жабыркаган мамлекеттердин биринчи кезектеги муктаждыктары жана жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ыкчам маалымат алмашуу механизмдерин өркүндөтүшөт.
Мамлекеттер өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам көрсөтүүгө даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталган биргелешкен машыгууларды, машыгуу-машыктырууларды жана башка иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.
Гуманитардык чара көрүү тармагында күч-аракеттерди координациялоо жана тажрыйба алмашуу максатында эл аралык жана аймактык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү да каралган.
Билдирүүнүн жоболорун ишке ашыруу кошумча финансылык төгүмдөрдү жүзөгө ашыруу же өзүнчө бюджет түзүү боюнча милдеттенмелерди жаратпайт.