Артур Шадыбеков Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп беш жылдык мөөнөткө дайындалды. Бүгүн ал ант берип, расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Артур Шадыбеков бул кызматка жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо тууралуу президенттин жарлыктарына ылайык дайындалды. Аземге Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышты. Ал жаңы судьяны дайындалышы менен куттуктап, мыйзамдуулукту, калыстык жана адилеттүүлүк принциптерин сактоону, ошондой эле берген антына берилгендикти каалады.