Пайдалуу кеңеш: Элүү жаштан ашканда кандай азыктарды колдонуу керек?
50 жаштан кийин жүрөк-кан тамыр системасын жана ичегилердин иштешин колдоо үчүн рационду калий, магний, омега-3 жана клетчаткага бай азыктар менен толуктоо керек. Бул тууралуу нутрициолог Алина Черепанова ЖМКларга айтып чыкты.
Жүрөк үчүн адис майлуу деңиз балыктарын — сельдь балыгы, скумбрия жана лосось балыктарын, муздак пресс менен сыгылган өсүмдүк майларын, грек жаңгагын, бадамды жана фундукту сунуштайт. Ошондой эле рационго сабиз, банан, алма, анар жана помидорду киргизүү зарыл.

Ичегилердин нормалдуу иштеши үчүн клетчатка, пребиотиктер жана ачытылган азыктар маанилүү. Алардын булагы катары жашылчалар, көк чөптөр, мөмө-жемиштер, жер-жемиштер, туздалып ачытылган бакча капустасы , табигый йогурттар жана кефир боло алат.
Черепанова мындай азыктарды айкалыштыруу тамак сиңирүү жана жүрөк-кан тамыр системаларынын иштешин колдоого жардам берерин белгиледи. Ал эми диагноз коюлган оорулар бар болсо, рационду олуттуу өзгөртүүдөн мурда дарыгер менен кеңешүү зарыл.