USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Мен кайтып келем»: Николь Шерзингер кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

11:14, 03 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Николь Шерзингер «Бишкек Аренадагы» концертинен кийин Кыргызстанга кайра келерин убада кылды.

Белгилүү америкалык ырчы Бишкекте өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен кийинки сахнага чыккан учурунан видео жарыялады.

«Бул көз ирмемди сиздер менен бөлүшүүнү ушунчалык көп күттүм! Бизди чакырганыңыздарга чоң рахмат! Мында стадиондо, ушунча эл менен бирге аткаруу укмуштуудай болду. Учурда жүрөгүм толкунданууга толду!» — деди ал. Николь Шерзингер кыргызстандыктарга жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, кайра келерин убада кылды.

«Бул стадиондо ырдоо — өзүнчө бир керемет! Сиздердин сүйүүңүздөргө, энергияңыздарга жана жылуу меймандостугуңуздарга рахмат. Мен качандыр бир күнү сөзсүз кайтып келем», — деп жазды ал.

Николь Шерзингер 31-августта «Бишкек Аренада» Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде өнөрүн тартуулады. Ырчы Pussycat Dolls тобунун солисти катары дүйнөлүк атагы чыккан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18