USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чет өлкөгө жумушка орноштурууну убадалаган: Баткендиктер 900 миң сом алдатышты

10:40, 03 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Баткенде бир нече алдамчылыкка шектелип 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу аймактык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү

Маалыматка ылайык, ал 2025—2026-жылдар аралыгында Европа мамлекеттерине жумушка орноштуруу убадасы менен бир нече адамдан ар кандай суммадагы акча алып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучулар жалпы 900 миң сом чыгып тартышкан.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Милиция кармалган адамдын аракеттеринен жабыркаган болушу мүмкүн болгон жарандарды Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнө (03622) 50068, 102, +996774778688 телефон номурлары аркылуу кайрылууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18