USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте жети социалдык мекеменин кызматкерлери атайын кийим менен камсыздалат

10:17, 03 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги жети социалдык мекеменин кызматкерлерин атайын кийим менен камсыз кылуу каралууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди.

Мэриянын маалыматы боюнча, шаарда адистештирилген социалдык мекемелердин системасы иштейт. Анын курамына стационардык түрдөгү жети мекеме кирет:

  • Оор кырдаалга кабылган балдарды реинтеграциялоо боюнча «Айданек» борбору;
  • Оор кырдаалга кабылган балдар үчүн «Акниет» борбору;
  • «Ардагер» геронтологиялык борбору;
  • Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүүчү «Аялзат» борбору;
  • Карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемеси;
  • Майыптыгы бар адамдар үчүн «Аяр» реабилитациялык борбору;
  • «Коломто» муниципалдык мекемеси.

Алардын ишмердүүлүгү социалдык кызматтарды алуучуларды (балдарды, карыларды, майыптыгы бар адамдарды, оор кырдаалга кабылгандарды жана белгилүү бир жашаган жери жок адамдарды) күнү-түнү стационардык жактан тейлөө менен байланыштуу.

Бул эмгек милдеттерин зыяндуу жана коркунучтуу факторлордун таасири астында аткарууга алып келет. Алардын катарына санитардык-гигиеналык процедураларды аткаруу (төшөктө жаткан оорулууларды, кичинекей балдарды жана майыптыгы бар адамдарды кароо); дезинфекциялоочу, жууп-тазалоочу жана башка химиялык каражаттарды колдонуу; ошондой эле стационарда болуу шарттарында инфекциялык жана паразитардык оорулардын жайылуу коркунучу кирет.

Мыйзамдарга ылайык, жумуш берүүчү өз каражатынын эсебинен атайын кийимдерди, бут кийимдерди жана башка жеке коргонуу каражаттарын сатып алууну жана берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 320 штаттык бирдикке кошумча 4 миллион 875,5 миң сом талап кылынат.

 Эсептөөлөр орточо базар бааларынын жана алмаштыруу (кийүү, жууш, резерв) жетиштүүлүгүн камсыз кылуучу, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда эскирүүнүн алдын алуучу эң төмөнкү зарыл ченемдердин негизинде жүргүзүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18