USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары −2026: Бүгүнкү спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар. Тизме

09:26, 03 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 3-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бир катар спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар өтөт.

Кырчын жайлоосунда:

  • «Биримдик кербени» оюн-зоок программасы;
  • «Көчмөн кайрык» этно-ыр, «Бий ыргаак» этно-архаикалык бий жана «Саркеч» салттуу кийимдер сынактары;
  • «Шамдагайлар» боз үйдү ылдамдыкта тигүү жана кыз-келиндер арасында боз үйдү тез чечүү жана жыйноо сынактары;
  • «Кыз-жигит Сармедден» эл аралык оюн-зоок программасы;
  • кыргыз-казак төкмө акындарынын «Ырчылардын бир эрөөлү» айтышынын жарым финалы;
  • «Башат» чыгармачылык программасы жана байыркы кыргыз жоокеринин согуштук зоот-кийимдеринин илимий-тарыхый реконструкциясынын бет ачары;
  • «Көчмөндөр ааламы» этно-базарындагы маданий программа, кол өнөрчүлөрдүн чебер-класстары жана концерттер;
  • «Шамал-фест»;
  • «Алтын Казык» жылдыздар дүйнөсү программасы;
  • «Кереметтүү космос» лекциясы;
  • кыргыз элинин асман кубулуштары жөнүндөгү элдик билими жана кыргыз календарынын астрономиялык негиздери боюнча кичи-лекция;
  • жылдыздуу асманды телескоп аркылуу байкоо.

Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда:

  • «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалынын «Күү күнү» программасы;
  • «Нарк өнөр» мектебинин көргөзмөлөрү жана чебер-класстары;
  • «Көчмөн шаңы» концерттик программасы;
  • салттуу музыка алып жүрүүчүлөрдүн концерти;
  • «Көчмөндөр оюндары» тууралуу кыска метраждуу тасмалар сериясынын бет ачары;
  • аспапчылык боюнча сынак;
  • чет элдик музыканттардын аткаруулары жана чыгармачылык жолугушуулар.

Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында:

  • көкпар боюнча мелдеш;
  • эр эңиш боюнча мелдеш;
  • көк бөрү боюнча мелдеш.

«Дордой-Номад» комплексинде:

  • «Номад Фест» эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы;
  • «Этнобий», «Этномода», «Көчмөн жылдыздары» сынактары;
  • «Этномода» шоусу жана фотосессия;
  • «УстатШакирт» фольклордук-этнографиялык ансамблинин программасы;
  • «Кыл_Арт.KG» кыл кыякчылар ансамблинин чыгышы;
  • «Аралаш» импровизациялык театрынын программасы;
  • кыргыз жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин этно-көргөзмөсү;
  • терме, ат жабдыктарын жасоо, темирге көркөм чегүү, керамика жана суу бетине сүрөт тартуу боюнча чебер-класстар.

Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда:

  • «Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу эл аралык илимий конференция;
  • «Арт-Лаб» чыгармачылык программасы.

«Евразия» мейманканасында:

  • овари боюнча мелдеш;
  • мангала боюнча мелдеш;
  • тогуз коргоол боюнча мелдеш.

«Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде кыргыз күрөшү жана самбо боюнча мелдештер өтөт.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18