Орто Азияда жасалма интеллект башка өлкөлөргө караганда эки эсе тез кирип жатат
Борбордук Азия жана Кавказ компаниялары жасалма интеллектти (ЖИ) киргизүү боюнча дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору натыйжаларды көрсөтүүдө. Бул тууралуу Euronews KPMG компаниясынын 2026-жылдагы технологиялык отчетуна таянуу менен билдирет.
Изилдөөдө аймактагы уюмдардын 53 пайызы жасалма интеллектти өндүрүштүк деңгээлде киргизип, андан ачык-айкын натыйжаларды алып жатканы айтылат. Дүйнөдө бул көрсөткүч 24 пайызды түзөт.
Сурамжылоонун жүрүшүндө KPMG эксперттери 27 өлкөдөн 2,5 миңден ашуун технологиялык багыттардын жетекчилерине суроо узатышкан. Алардын ичинен 32си Борбордук Азия компанияларынын, ал эми 40ы Кавказ фирмаларынын өкүлдөрү болгон.
Ошол эле учурда изилдөөчүлөр айрым респонденттер тексттик же үн боттору сыяктуу айрым чечимдерди өндүрүшкө ЖИ киргизүү катары эсептеп коюшу мүмкүн экенин да четке кагышпайт.
Борбордук Азия жана Кавказ компанияларынын 44 пайызы жаңы технологиялардын кеңири жайылышын күтпөстөн, аларды активдүү сыноону артык көрүшөт. Дүйнөдө бул көрсөткүч 21 пайызды түзөт.
Негизги факторлордун бири катары аймактагы санариптештирүүнүн салыштырмалуу жогорку деңгээли да аталууда.
Ар кандай бөлүнүштөрдө ЖИнин колдонулушун контролдоочу башкаруу системасы аймактагы фирмалардын 25 пайызында гана бар. Дүйнөдө бул көрсөткүч 69 пайызга жетет.