Көчмөндөр оюндары −2026: Кыргыз-казак төкмө акындар айтышынын 2-айлампасы болот
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Манас театрынан билдирди.
Маалыматка ылайык, айтыштын экинчи күнү бүгүн, 3-сентябрда саат 17:00дө, ал эми финалдык беттеши 4-сентябрда саат 13:00дө Кырчын жайлоосунда өтөт.
Кыргызстан жана Казакстандан келген төкмө акындар катышкан эл аралык айтышта акындар сөз тапкычтыгын жана чечендигин көрсөтүп, кыргыз-казак элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана бүгүнкү күндүн маанилүү маселелерин ырга салышты.
Биринчи күндүн жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөнкү акындар экинчи айлампага жолдомо алышты:
1. Мухтар Ниязов
2. Мейирбек Султанхан
3. Нурлан Эсенкулов
4. Хазырет Бердихан
5. Элмирбек Иманалиев
6. Акматбек Султан уулу
7. Кутман Садыбакасов
8. Нурсултан Малдыбаев
Кырчын жайлоосунда өткөн айтышта акындар курч сөз, таамай жооп жана төгүлгөн талант менен көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги чыгармачылык тартуулашты.





