USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кырчында «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» этно-шаарчасы салтанаттуу ачылды

16:13, 02 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 2-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» этно-шаарчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанисине токтолуп, оюндардын негизги иш-чаралары Ысык-Көлдүн аймагындагы сегиз аянтчада өтүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле Кырчын жайлоосунда түзүлгөн этно-шаарча көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын, улуттук баалуулуктарын жана искусствосун бирдиктүү мейкиндикте чагылдырган өзгөчө маданий аянтча экенин белгиледи.

«Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» этно-шаарчасында кыргыз элинин салттуу маданияты, кол өнөрчүлүгү, улуттук кийимдери, каада-салттары, элдик оюндары, музыкасы жана күнүмдүк турмушун чагылдырган маданий объектилер жана боз үй комплекстери жайгаштырылган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы этно-шаарча ата-бабалардын мурасын сактоо, аны кеңири жайылтуу жана кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн маанилүү маданий аянтча болорун белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18