«АБанк» — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банктык өнөктөшү
Кыргызстандагы ири эл аралык спорттук-маданий иш-чаралардын бири болгон VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банктык өнөктөшү «АБанк» оюндарга арналган чектелген сандагы атайын банк картасын сунуштады.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген коноктор атайын картаны Ысык-Көл облусундагы АБанктын атайын жайгаштырылган стенддеринен түздөн-түз тариздей алышат. Банктын стенддери «Рух Ордо» маданий борборунда, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Кырчын жайлоосунда иштеп жатат.
«АБанктын» кызматкерлери келген конокторго картаны ошол жерде тариздөөгө жардам беришет.
Чектелген нускадагы картанын дизайнында Кыргызстандын улуттук мурасы менен заманбап визуалдык чечимдер айкалыштырылган. Картанын жасалгасында кыргыз элинин тарыхы, көчмөндөрдүн маданияты жана улуттук баалуулуктар чагылдырылган.
Мындан тышкары, «АБанк» өзүнүн аянтчаларында Оюндун коноктору үчүн интерактивдүү иш-чараларды уюштурууда. Келгендер ар кандай оюндарга катышып, банктан эстелик белектерди ала алышат.
Белгилүү спортчулар менен жолугушуулар
Өнөктөштүктүн алкагында «АБанк» Оюндун коноктору үчүн Кыргызстандын белгилүү спортчулары — банктын амбассадорлору менен жолугушууларды да уюштурууда.
Бүгүн, 2-сентябрда, Кырчын жайлоосунда Сезим Жуманазарова менен жолугушуу өттү. Ал эми 3-сентябрда коноктор кыргыздын көк бөрү оюнунун белгилүү оюнчусу Манас Ниязов менен жолугуша алышат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коноктору жана Nomad Pack сатып алуучулары спортчулар менен баарлашып, автограф коюлган эксклюзивдүү постер алып, эстеликке сүрөткө түшө алышат.
«АБанк» үчүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өнөктөш катары катышуу — спортту өнүктүрүүгө, маданий мурасты жайылтууга жана Кыргызстандын улуттук салттарын сактоого багытталган демилгелерди системалуу колдоонун уландысы.
АБанк өлкө менен бирге өнүгүп, маанилүү демилгелерди колдоону жана кардарлары, ошондой эле бардык кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантат.
Улуттук банктын лицензиясы № 048.




