Көчмөндөр оюндары-2026: Көкпар боюнча алгачкы күндүн жыйынтыгы чыкты
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында көкпар боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды.
Оюндардын медиаштабынан билдиршкендей, бүгүн үч оюн өтүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:
Кыргызстан 12 — Монголия 1;
Россия 11 — Венгрия 1;
Өзбекстан 4 — Афганистан 1.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан курамалары жеңишке жетишти.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүүдө.



