USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Көчмөндөр жаңырыгы» сынагында 21 ырчы жарышат: Өлкөбүздүн намысын ким коргойт?

12:45, 02 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-ыр фестивалы башталды.

Ага дүйнөнүн төрт континентинен — Европа, Азия, Америка жана Африкадан келген өлкөлөрдөн 21 конкурсант катышып жатат. Фестивалда катышуучулар жалпысынан 42 чыгармачылык номер тартуулашмакчы.

Иш-чарага Кыргызстан, Армения, Бразилия, Болгария, Казакстан, Латвия, Македония, Мексика, Молдова, Монголия, Россия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Испания, Түркия, АКШ жана Вьетнамдан келген өнөрпоздор катышууда.

Ал эми аталган сынакта Кыргызстандын намысын Нурдөөлөт Деркембаев, Ырыскелди Старбеков коргойт.

Фестиваль 4 күнгө созулуп, финалы 4-сентябрда өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18