ЖК депутаты Нарындагы унутулуп калган жолдордун оңдолушун эске салды
ЖК депутаты Нарындагы унутулуп калган жолдорду оңдоо тууралуу эске салды. Бул тууралуу Улан Бакасов бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Нарын облусунда жолдорду оңдоо иштери башталган.
«Бирок азыр жолдор тууралуу жөн гана унутуп коюшту, техниканы бир жакка алып кетишти. Жолдордун пайдубалы жасалган болчу, бирок ал дагы талкаланып бүтүптүр. Облуста кыш эрте түшөт, оңдоо иштерин ылдамдатуу керек. Нарында да асфальт төшөөнү ылдамдатып, арык аштоочу, плиталарды алмаштыруу зарыл», — деп белгиледи эл өкүлү.
Парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев иш планына ылайык, өзү баштаган депутаттар тобу сентябрь айынын аягында облуска барып, болгон көйгөйлөрдү жеринен изилдөөгө ниети бар экенин айтты.