Пайдалуу кеңеш: Арыктоого тоскоол болгон азыктар аталды
Айрым эртең мененки даяр тамактар жана майсыздандырылган азыктар пайдалуу аш катары таанылганына карабастан, салмак таштооого тоскоол болушу мүмкүн. Бул тууралуу Приморье крайынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы диетологу Ольга Ямилова «PrimaMedia» маалымат агенттигине билдирди.
Адистин айтымында, смузи жана мөмө-жемиштин жаңы сыгылган ширелерде тез сиңүүчү кант көп жана алар карынды жакшы тойгузбайт. Ошондой эле ал сыртынан пайдалуу көрүнгөн азыктарга жашыруун кант менен майлар көп болушу мүмкүн болгон граноланы, глазурланган мюслини, таруу үрпөктөрүн жана шоколад шарчаларын кошту.

Майсыздандырылган азыктар да дайыма эле арыктоого жардам бере бербейт. Даамын жана коюулугун сактоо үчүн өндүрүүчүлөр аларга крахмал, кант, туз жана коюуланткычтарды кошушу мүмкүн. л эми майдын жетишсиздиги майда эриген витаминдердин сиңишин начарлатат.
Ямилова жаңгактар менен авокадону пайдалуу, бирок калориясы жогору азыктар деп атады. Салмак таштоо учурунда ал күнүнө болжол менен авокадонун жарымы жана чакан бир ууч жаңгак (30 граммдай) менен чектенүүнү сунуштайт.
Була токчулукту узакка сактоого жардам берет жана ичегинин иштешин колдойт, бирок өзү жалгыз салмакты азайтпайт. Ал үчүн белоктун жетиштүү өлчөмү жана калориянын ченемдүү жетишсиздиги да зарыл.