Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди УКМК башчылыгына дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңеш 2-сентябрда Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматынан бошотууга жана аны УКМКнын башчысы кызматына дайындоого макулдук берди. Чечим бүгүн жыйында бир добуштан кабыл алынды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Асаналиевди кызматынан бошотуу маселесин карады. Депутаттар сессияда комитеттин чечимин бир добуштан колдошту.
Эске салсак, президент июнь айында Максат Асаналиевди баш прокурор кызматынан бошотуп, УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган.