Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы расмий ачылды
Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, мамлекеттик гимн жаңырды.

Бир катар комитеттердин башчылары кезексиз жыйындарды өткөрүүнү суранышты.
Төрага Марлен Маматалиев депутаттар өлкө үчүн маанилүү мыйзамдарды кабыл алууга жооптуу экендигин белгиледи. Ал өлкөдө ишке ашырылып жаткан маанилүү долбоорлорду, анын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун атап өттү.