USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары-2026: Тогуз коргоол боюнча мелдештер башталды

10:15, 02 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

1-сентябрда «Евразия» пансионатында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол боюнча мелдештер өттү.

Оюндардын медиа штабынын маалыматына ылайык, мелдештин биринчи күнүндө жалпы 127 спортчу күч сынашты. Алардын 67си эркектер, 60ы кыз-келиндер.

Тогуз коргоол боюнча мелдештер бүгүн да уланат. Спортчуларлы бир катар оюндар жана мелдештин кийинки этаптары күтүп турат.

Күч сынашуулардын 2-сентябрдагы программасы:

09:00–10:40 — овари;

11:00–12:40 — мангала;

14:30–16:30 — тогуз коргоол;

17:00–18:00 — оюндардын ачылыш аземи;

18:00–19:00 — тогуз коргоол.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18