USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүндөн тарта Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт

07:51, 02 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүндөн тарта Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, борбор калаада эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, 31-августта жана 1-сентябрда коомдук транспорттун каттамдарынын аралыгы көбөйүп, жолдо жүрүү убактысы узарган.

Мындан тышкары, бир катар автобус каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөргөн болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18