Көчмөндөр оюндары −2026: Негизги иш-чаралар 8 локацияда өтөт. Тизме
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги иш-чаралары Ысык-Көл облусундагы 8 локацияда өтөт. Алардын ар бири спорт, маданият, этнография, илим жана интеллектуалдык оюндар сыяктуу өзүнчө багыттарды камтыйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында билдирди.
Оюндардын негизги иш-чаралары 8 локацияда өткөрүлөт:
1 — Чолпон-Атадагы ат майдан. Бул жерде ат чабыштын беш түрү боюнча мелдештер, «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этнофестивалы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт.
2 — Көк бөрү аренасы. Ат майдандын жанындажаңы көк бөрү аренасы курулду. Анын өзгөчөлүгү — көрүүчүлөр көк бөрү, көкпар, эр эңиш, тыйын эңмей сыяктуу улуттук оюндарды дээрлик жакын аралыктан көрүп, аттардын дүбүртүн жана таймаштын демин жакындан сезе алышат.
3 — «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси. Бул жерде күрөштүн 14 түрү боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн ар кайсы элдеринин улуттук күрөш мектептери бир аянтта таймашат.
4 — «Рух Ордо» маданий борбору. Бул жерде көчмөн элдердин музыкалык мурасын даңазалаган «Көчмөн санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт.
5 — «Дордой-Номад» маданий-этнографиялык борбору. Бул жерде көчмөн элдердин турмуш-тиричилигин, каада-салтын, кол өнөрчүлүгүн, музыкалык мурасын бириктирген NOMAD FEST эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы уюштурулат.
6 — Кырчын жайлоосу. Бул — Оюндардын эң масштабдуу маданий аянтчаларынын бири.
7— Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борбору. Бул — Оюндардын илимий программасынын негизги аянтчасы. Эл аралык илимий-практикалык конференцияөткөрүлөт, ошондой эле ал жерде «ArtLab» чыгармачыл лабораториясынын долбоорлору өткөрүлөт.
8- «Евразия» эс алуу борбору. Бул жерде интеллектуалдык спорт түрлөрү — тогуз коргоол, овари жана мангала боюнча мелдештер өтөт.