Көчмөндөр оюндары −2026: Көк бөрү жана Көкпар мелдешинин чүчүкулагы өттү
Чолпон-Ата шаарында көк бөрү жана көкпар мелдешине катышуучу командалардын чүчүкулагы өттү. Анын жыйынтыгында командалар эки тайпага бөлүндү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү жана көкпар мелдештерине 7ден команда катышат.
Көк бөрү боюнча :
А тайпасы: Кыргызстан, Орусия, АКШ, Өзбекстан.
В тайпасы: Венгрия, Казакстан, Тажикстан.
Көкпар боюнча :
А тайпасы: Кыргызстан,Өзбекстан, Ооганстан жана Монголия
В тайпасы: Венгрия, Казакстан жана Орусия.
Эске салсак, аталган спорт түрлөрү боюнча мелдештер 2-сентябрда башталат. Финалдык оюндар 6-сентябрда өтөт: саат 11:00дөн 13:00гө чейин көкпар боюнча, ал эми 14:00дөн 16:00гө чейин көкбөрү боюнча чечүүчү беттештер болот.