Көчмөндөр оюндары-2026: Кырчында «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы иштей баштады
Бүгүн, 1-сентябрда, VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы конокторду кабыл ала баштады.
Маданият, малымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, этно-базарда кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү, салттуу буюмдары жана заманбап кол өнөрчүлүк үлгүлөрү кеңири сунушталууда.
Ал эми этно-ашканада улуттук тамак-аштын түрлөрү даярдалып, келгендерге кыргыз ашканасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Белгиленгендей, «Көчмөндөр ааламы» этно-шаарчасынын расмий ачылыш аземи 2-сентябрда өтөт. Иш-чаралардын алкагында маданий программа, улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана көчмөндөрдүн жашоо-турмушун тааныткан атайын жайлар уюштурулат.

Этно-шаарчанын иши 6-сентябрга чейин уланып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк меймандарга кыргыз элинин бай тарыхы, салты жана маданий мурасы менен таанышууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Этно-шаарчага кирүү акысыз. Бул жай VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанилүү маданий аянтчаларынын бири болуп саналат.