Кыргызстан ШКУга төрагалык кылууну Пакистанга өткөрүп берди
Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгын аяктап, аны Пакистанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында жарыяланды.
Кыргызстандын 2025—2026-жылдардагы төрагалыгы «ШКУнун 25 жылы: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө карай» деген ураан алдында өттү. Анын башкы жыйынтыгы — уюмдун 25 жылдыгына карата Бишкек декларациясы жана дагы 27 документке кол коюлган мааракелик саммит болду.
Кабыл алынган чечимдер регионалдык коопсуздукту, баңгизатка каршы күрөштү, жасалма интеллектти, маалыматтык коопсуздукту, энергетиканы, транспорт жана логистиканы, климатты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону камтыйт.
Төрагалык кылуунун кийинки мезгили Пакистандын жетекчилиги астында өтөт. Исламабад уюмдун ишин координациялап, Мамлекет башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын даярдашы керек.
Мындан сырткары, Пакистандын Лахор шаары 2026—2027-жылдарга ШКУнун туристтик жана маданий борбору деп жарыяланды.