USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте «ШКУ плюс» саммити өтүп жатат

14:14, 01 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте мамлекет башчыларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда «ШКУ плюс» форматындагы жолугушуу башталды.

Ага 18 мамлекеттин жана жети эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин жыйынынан кийин өтүп жатат.

Жолугушууга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышууда:

  • Садыр Жапаров — Кыргызстандын президенти;
  • Александр Лукашенко — Белоруссиянын президенти;
  • Нарендра Моди — Индиянын премьер-министри;
  • Масуд Пезешкиан — Ирандын президенти;
  • Касым-Жомарт Токаев — Казакстандын президенти;
  • Си Цзиньпин — КЭР төрагасы;
  • Шахбаз Шариф — Пакистандын премьер-министри;
  • Владимир Путин — Россиянын президенти;
  • Эмомали Рахмон — Тажикстандын президенти;
  • Шавкат Мирзиёев — Өзбекстандын президенти.

Ошондой эле «ШКУ плюс» саммитине төмөнкүлөр катышууда:

  • Ильхам Алиев — Азербайжандын президенти;
  • Никол Пашинян — Армениянын премьер-министри;
  • Ухнаагийн Хурэлсух — Монголиянын президенти;
  • Реджеп Тайып Эрдоган — Түркиянын президенти;
  • Тхонглун Сисулит — Лаос Президенти;
  • Фор Эссозимна Гнассингбе — Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы;
  • Во Тхи Ань Суан — Вьетнамдын вице-президенти;
  • Хусейн Иса — Египеттин вице-премьер-министри.

Эл аралык уюмдардын арасынан БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕЭК, АӨСШК жана башка түзүмдөрдүн өкүлдөрү бар.

Көңүл борборунда — эл аралык жана регионалдык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, кызматташтыкты чыңдоо жана башка эл аралык бирикмелер менен өз ара аракеттенүү. Адилеттүү дүйнөлүк тартипти курууда БУУнун ролу жана көп уюлдуу дүйнөнү калыптандырууга «ШКУ плюс» мамлекеттеринин кошкон салышы негизги тема болот.

Жолугушуу Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө. Ал уюмдун 25 жылдыгына арналган ШКУнун мааракелик саммитинин уландысы болуп калды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18