Бишкектеги ШКУ саммитинде 30га жакын документке кол коюлду
Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны өтүп, анда 30га жакын документке кол коюлду. Жыйында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге кол коюлду.

Белгилей кетсек, саммит Кыргызстандын ШКУга 2025-2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болот. Кыргызстан бул төрагалыкты «ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай» деген ураандын алдында жүргүздү.