USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Владимир Путин: «ШКУ дээрлик дүйнөдөгү эң ири аймактык бирикме болуп саналат»

12:39, 01 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров менен Владимир Путин ШКУ саммитинде

ШКУ бүгүнкү күндө биздин жалпы Евразия континентинде гана эмес, бүткүл дүйнөдө дээрлик эң ири аймактык бирикме болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Анын айтымында, уюмга мүчө өлкөлөрдө планета калкынын дээрлик жарымы жашайт жана глобалдык ички дүң продукциянын үчтөн биринен ашыгы өндүрүлөт.

«ШКУ мейкиндигинде кубаттуу интеллектуалдык жана технологиялык дарамет, дүйнөлүк жаратылыш ресурстарынын олуттуу бөлүгү топтолгон», — деп белгиледи ал.

Орусия башчысынын айтымында, уюм 25 жылдын ичинде чынында эле чоң жолду басып өтүп, көп уюлдуу дүйнөнүн таасирдүү борборуна айланды.

«Россия ШКУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу аракеттерин колдойт. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы чыңдоо — уюм үчүн башкы милдеттердин бири», — деп баса белгиледи Путин.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18