Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан, деңиз деңгээлинен 4 миң 50 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокуга «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген географилык аталышты ыйгаруу тууралуу Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешин Кыргыз Республикасында өткөрүүгө
байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алынып токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
— Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» географиялык аталышын ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте карасын;
— үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.