USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары −2026: Бүгүн Ысык-Көлдө алгачкы мелдештер башталат

11:35, 01 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери бүгүн, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунда башталат.

Учурда Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этношаарчанын спорт аянтчасында ордо боюнча мелдеш башталганы турат.

«Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда гореш, кураш жана монгол бох боюнча спорттук мелдештер уюштурулат.

Ал эми «Евразия» мейманканасында тогуз коргоол боюнча мелдеш өтөт.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күн мурун Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» стадионунда расмий ачылып, 6-сентябрга чейин уланат. Оюндарга дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн спортчулардын катышуусу күтүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18