Садыр Жапаров: «ШКУ дүйнө калкынын 40 пайыздан ашыгын бириктирет»
Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин жыйыны өтүүдө. Саммит уюмдун 25 жылдыгына арналып, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жатат.
Саммиттин ишине катышуу үчүн борбор калаага Белоруссиянын башчысы Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, КЭР төрагасы Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путин келишти. Мамлекет лидерлерин Садыр Жапаров тосуп алды.

Жыйынды ачып жатып, ал мааракелик саммит ШКУнун 25 жылдык маалында жана кыргыз төрагалыгынын «ШКУнун 25 жылы: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө карай» деген урааны астында өтүп жатканын белгиледи.
Садыр Жапаровдун айтымында, акыркы чейрек кылымда ШКУ чек арадагы ишенимди бекемдөө механизминен алдыңкы эл аралык уюмдардын бирине айланып, өзүнүн натыйжалуулугун жана актуалдуулугун далилдеди.
«Бул мезгилде биз 200гө жакын иш-чара өткөрдүк. Коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдедик, экономикалык жана транспорттук байланыштарды өнүктүрдүк, маданий жана гуманитардык байланыштарды тереңдеттик жана санариптик өнүгүүнү жана жасалма интеллектти уюмдун практикалык артыкчылыктарынын катарына киргиздик.
Урматтуу кесиптештер, бүгүн биз ШКУга мүчө мамлекеттердин алдында турган актуалдуу маселелерди кеңири талкуулайбыз, келечектеги кызматташуунун негизги багыттарын аныктайбыз жана ШКУнун ишмердүүлүгүн андан ары өркүндөтүүгө багытталган маанилүү чечимдерди кабыл алабыз. ШКУнун 25 жылдыгынын алкагында биздин жалпы максатыбыз — кылымдын биринчи чейрегин жыйынтыктоо гана эмес, ошондой эле уюмдун тарыхындагы кийинки бөлүмдү — туруктуу тынчтык, биргелешкен өнүгүү жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүү бөлүмүн ачуу.
Мен элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берген координацияланган чечимдерди иштеп чыга аларыбызга ишенем. Бул мааракелик жыл уюмубуздун өнүгүшүндөгү жаңы этаптын башталышы болсун.
Урматтуу кесиптештер, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер», — деди президент.