ШКУ — Евразиядагы күчтүн жана экономикалык өсүштүн негизги борборлорунун бири
Россиянын Түз инвестициялар фондунун (РТИФ) башчысы Кирилл Дмитриев ШКУ — Россия, Кытай, Индия жана аймактагы башка өлкөлөрдүн башын бириктирген Евразиядагы күчтүн жана экономикалык өсүштүн негизги борборлорунун бири экенин билдирди.

Ал Бишкекке россиялык делегациянын курамында келип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анын айтымында, Россиянын Түз инвестициялар фонду көп жылдан бери ШКУ өлкөлөрү менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырып келет. Кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте 800 миллиард рублдан ашык суммада 50дөн ашык долбоор ишке ашырылды, алардын арасында Амур дарыясы аркылуу көпүрө, Пулково аэропорту жана Багратион проспектиси бар. Индия менен инвестициялык жана технологиялык өнөктөштүк өнүгүүдө.
«ШКУнун масштабы Бишкекте талкуулана турган жаңы биргелешкен долбоорлор үчүн да, узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн да чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди ал.
Ал негизги темалардын бири — энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу экенин белгиледи.
«Россия бул көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдө негизги ролду ойнойт. Маселен, өткөн жылы ШКУ өлкөлөрүнө биздин азык-түлүк жеткирүүлөрүбүз 17 пайызга өстү», — деп кошумчалады Кирилл Дмитриев.