Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бишкекти велосипед менен кыдырды
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бишкек шаарында велосипед менен сейилдеди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, басып өткөн маршуттун узундугу 31 километрди түздү.
Никол Пашинян Кыргызстанга «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн жумушчу сапары менен келген.
Эске салсак, 2026-жылдын август айында Пашинян Ысык-Көлдө да велосипед тебүү уюштурган.