Лионель Месси Аргентина курама командасындагы карьерасын аяктаганын жарыялады
Бардык мезгилдеги эң мыкты футболчулардын бири, 39 жаштагы Лионель Месси мындан ары Аргентина курама командасы үчүн ойнобой турганын жарыялады.

Лионель Месси курама командада 21 жыл ойноп, анын тарыхындагы эң мыкты бомбардир болду
Месси Аргентина үчүн 207 матч өткөрүп, 125 гол киргизген жана бул эки көрсөткүч боюнча тең курама команданын рекордсмени болуп саналат. 2022-жылы Катарда капитан Месси командасын дүйнө чемпиондугу наамына баштап келген.
Инстаграмдагы билдирүүсүндө Месси курама командага колунан келгендин баарын бергенин жана андан ашык эч нерсе бере албай турганын айтты.
«Убакыт өтөт, барактар баракталат жана бул барак мага абдан оор тийүүдө .Мен курама командага баарын бердим, мындан ары эч нерсе бере албайм, анын үстүнө менин артымда мүмкүнчүлүк алууга татыктуу болгон сонун жаш оюнчулар келе жатат», — деди сегиз жолку «Алтын топтун» ээси.
Август айында, атасы Хорхе дүйнөдөн кайткандан кийин, Месси социалдык тармактарда мындан ары футболдогу тагдырын кандай улантаары жөнүндө ойлонуп жатканын жазган.
Месси футболдон толугу менен кете элек. Ал америкалык MLS лигасынын «Inter Miami» клубунун оюнчусу бойдон калууда.